Биз менен байланышыңыз

Германияда катаал карантин киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 375 | 0

Германияда коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу 2-ноябрдан тарта карантиндик чаралар күчөтүлөт.

«Berliner Morgenpost» маалымдагандай, Германиянын канцлери Ангела Меркел 16 федералдык жер кызматкери менен видео конференция өткөрүп, ноябрь айынын аягына чейин иштей турган карантиндик чектөөнүн жаңы планын талкуулады. Ага ылайык, Германияда театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, аттракциондор жана оюн-зоок парктары, фитнес студиялары, спорттук жайлар, бассейндер, барлар, ресторандар жана пабдар, сулуулук салондору, массаж бөлмөлөрү жабык болот. Мектептер жана бала бакчалар ачык бойдон калат, бирок алардан гигиенанын жаңы протоколдорун киргизүү талап кылынат.

Ошондой эле социалдык байланыштарды чектөө пландалууда. Тактап айтканда, коомдук жайларда, эң көп дегенде эки үй-бүлө 10дон ашык адамга жолуга албайт. Футболдук беттештер көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Эки жумадан кийин, болжол менен 11-ноябрда Меркел дагы бир онлайн жолугушуу өткөрүп, алынган натыйжаларды талкуулап, түзөтүүлөрдү киргизет.

Германияда акыркы суткада ооруга чалдыккан 14,9 миң бейтап катталды. Акыркы күндөрү өлкөдө күн сайын ооруга чалдыккандардын саны 10 миңден ашууда.

Ал эми жуманын аягында Германияда ооругандар күнүнө 20 миңден каттала мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM