Биз менен байланышыңыз

Франция кайрадан карантин киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 396 | 0

Францияда 30-октябрдан баштап жалпы улуттук изоляция режими киргизилет. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон элге кайрылуусунда айтты.

«Жума күнү вирустун жайылышын ооздуктоого жардам берген изоляция режимин калыбына келтирүүнү чечтим. Биздин максатыбыз — күндөлүк ооруларды 40 миңден 5 миңге чейин кыскартуу», — деди Макрон.

Ал карантин жок дегенде 1-декабрга чейин күчүндө болорун эскертти.

Жашоочулар үйүнөн жумушка чыгууга, дарыгерге көрүнүүгө, сатып алууларды жүргүзүүгө жана саякаттоого уруксат алышат. Жаңы эрежеге ылайык, француздар үйлөрүнөн 1 чакырымдан ашпаган жерде бир саатка саякаттай алышат. Карантин учурунда кыймыл үчүн уруксаттын үч түрү киргизилген: жеке, жумушка (жумуш берүүчүдөн) жана мектепке баруу үчүн.

Карантин учурунда мектептер, лицейлер жана бала бакчалар ачык бойдон калат. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлөт.

Француздардын аймактар ​​аралык кыймылына тыюу салынат.  Бардык ресторандар, барлар жана дүкөндөрдүн айрым түрлөрү жабык болот.

Макрондун айтымында, банктар, фабрикалар, айыл чарба ишканалары жана курулуш компаниялары ишин уланта беришет.

Макрон: «Шенген аймагынын ички чек аралары ачык жана тышкы чек аралар азырынча жабык бойдон калууда», — деди.

Ал чет жакта жүргөн француздар мекенине кайтарыларын, бирок ЕБке келе тургандар коронавируска текшерүүдөн өтүшү керектигин баса белгиледи.

Макрон экинчи толкун биринчи толкундан күчтүү болорун эскертип, карантин учурунда тургундарды мүмкүн болушунча үйдө отурууга жана бардык сактык чараларын сактоого үндөдү.

Францияда биринчи карантин 17-марттан 11-майга чейин киргизилген. Өлкөдө акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Акыркы суткада Францияда 36 миңден ашык жаңы учур катталган. Пандемия башталгандан бери, оорунун саны 1 миллион 200 миңден ашты, ал эми 35 миңден ашуун адам вирустун курмандыгы болушту.

Copyright © 2017 Maral FM