Биз менен байланышыңыз

Жапаров Сурабалдиеваны вице-премьер-министрликке дайындады

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 1074 | 0

Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Бүгүн, 28-октбярда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министрлик кызматка Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер министр Артем Новиков тааныштырды. Жыйында талапкерге суроо берилген жок.

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети да Сурабалдиеванын талапкерлигин карап, колдоп берген.

27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырган.

Парламент вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин колдоду

Copyright © 2017 Maral FM