Биз менен байланышыңыз

Парламент вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 884 | 0

Бүгүн, 28-октбярда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министрлик кызматка Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды.

Аны депутаттарга биринчи вице-премьер министр Артем Новиков тааныштырды. Жыйында талапкерге суроо беришкен жок.

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети да Сурабалдиеванын талапкерлигин карап, колдоп берген.

27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырган.

Элвира Сурабалдиева 1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылы Улуу Британиянын Бристоль университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айында Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.

2004-2006-жылдары Социалдык фондунун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

2006-жылдын октябрь айынан баштап, 2015-жылдын август айына чейин «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM