Парламент вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 28-октбярда Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министрлик кызматка Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер министр Артем Новиков тааныштырды. Жыйында талапкерге суроо беришкен жок. Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети да Сурабалдиеванын талапкерлигин карап, колдоп берген. 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырган. Элвира Сурабалдиева 1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган. … Читать далее Парламент вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин колдоду