Биз менен байланышыңыз

Оштогу турак үйдөн чыккан өрт: Эки адам ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 322 | 0

Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан чыккан өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

4-кабатта жайгашкан батирдин 26 чарчы метр уктоочу бөлмөсү жана коридору толугу менен күйгөн.

Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгышына жаш балдардын от менен ойногону себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM