Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Финполдун айыптоосу юридикалык жактан негизсиз

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 637 | 0

Салык кызматы коррупциялык схемага аралашкан деген маалыматтарды четке кагып, Финансы полициясынын айыптоосу юридикалык жактан негизсиз деп эсептейт.

Бүгүн, 27-октябрда Финансы полициясы Салык кызматынын жана Социалдык фонддун кызмат адамдары алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схема түзүшкөнүн кабарлаган.

Салык кызматы 2018-жылы «К.Г.К.» алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери мыйзамдардын чегинде гана ишке ашырылганын билдирүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 54-беренесине (салыктык сыр) ылайык айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго ачык жооп катары берүүгө укугу жок экендигин билдирет.

Ошол эле учурда тергөө иш-чараларынын алкагында зарыл болгон бардык материалдарды Финансы полициясына берерин белгилейт.

Салык кызматы менен Соцфонддун кызматкерлери түзгөн коррупциялык схема аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM