Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы менен Соцфонддун кызматкерлери түзгөн коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 436 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калган фактыны аныктады. Мекеменин бүгүн тараткан билдирүүдө, Социалдык фонд жана Салык кызматында иштеген кызматкерлер коррупциялык схема түзгөнү кабарланды.

“Жогоруда айтылган мекемелердин айрым кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, акча алып туруу үчүн мыйзамга каршы келген байланыш түзүшкөн. Бул үчүн коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгына кооптуулук жараткан алтын казуучу «КГ.К.» жабык акционердик коому артыкчылыктарды берген. Анын натыйжасында компания салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM