Биз менен байланышыңыз

Юрист: Жапаров кызматын тапшырса, милдеттерин Новиков аткарат

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2020 | 2760 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого аттанса, анын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарат. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» билдирди.

Конституциянын 68-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын милдеттерин ЖКнын төрагасы аткарат. Ал аткарууга мүмкүн болбогон учурда премьер-министр аткарат.

«Параменттин төрагасы президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартты. Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров премьер-министр кызматын да тапшырышы керек. Ал эми өкмөт башчынын милдетин жана президенттин ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып калат. Мыйзам буга жол берет», — дейт Бөрүбашев.

Өткөн аптада өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров декабрда кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM