Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын айтты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Жапаров бул тууралуу Нарын облусунун Кочкор районуна болгон иш сапарында эл менен жолугушууда билдирди. Ал декабрь айынын башында президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын тапшырып берет. «10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары шайлоого катышам. … Читать далее Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын айтты