Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын айтты

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 744 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Жапаров бул тууралуу Нарын облусунун Кочкор районуна болгон иш сапарында эл менен жолугушууда билдирди.

Ал декабрь айынын башында президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын тапшырып берет.

«10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары шайлоого катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», — деди Жапаров.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча иш-чаралардын графигин бекитти. БШКнын төрага орун басары Абдыжапаров Бекматовдун айтымында, президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөт.

19-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси берилет. Ал эми документтер топтомун 7-декабрга чейин тапшыруу керек.

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл ала баштайт

Copyright © 2017 Maral FM