Connect with us

Пакистанда тараптардын кагылышуусунан 6 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 357 | 0

26-ноябрда Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын абактан бошотулушун талап кылган тарапкерлери полиция менен кагылышып, Исламабаддын көчөлөрүнө бийлик орноткон тосмолордон жарып өтүшкөн. Кагылышуудан алты адам каза болгонун эки тарап тең билдирди.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф демонстранттар төрт аскерди унаалары менен тебелеп өлтүрүшкөнүн билдирди.

Өлкөнүн экс премьер-министри Имран хандын “Пакистан адилеттүүлүк үчүн кыймылы” партиясынын басма сөз катчысы Зулфикар Бухаринин айтымында, демонстранттар тараптан эки киши каза таап, 30 адам жараат алган.

Имран Хандын миңдеген тарапкерлери Исламабадга чогулуп, былтыр коррупция боюнча айыпталып абакка кесилген 72 жаштагы мурдагы премьер-министрди абактан бошотууну талап кылышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында шаарда интернет өчүрүлүп, мектептерде сабактар токтотулган.

Пакистандын мурдагы премерь-министри Имран Хан бир жылдан ашык убакыттан бери темир тор артында отурат: ал бир нече иштер боюнча соттолгон, анын ичинде коррупция жана мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган деген айыптар бар. Хан азыркы бийлик саясий себептерден улам аны репрессиялап жатканын бир нече жолу билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM