Биз менен байланышыңыз

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл ала баштайт

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 845 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын графигин бекитти.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн президенттикке талапкерлер 6-декабрь саат 24:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына талап кылынган документтердин топтомун тапшырышы керек.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасы аркылуу парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарымына чейин болбой турганын айтып, «2020-жылдын 20-декабрында парламенттик шайлоо болот» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин Кудай буюрса, реформалар жүрөт. Анан парламенттик шайлоо болот», — деп жазган Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген эле. Бирок Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

Аталган мыйзамга ылайык, конституциялык реформа жүргүзүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Боршайкомдун парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген чечимин жокко чыгарган.

Бүгүн белгилүү болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган соттун токтомуна каршы арызданат.

Copyright © 2017 Maral FM