Биз менен байланышыңыз

Иран өкмөтү исламофобиялык маалыматтарга тыюу салууну Цукербергден суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 401 | 0

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Фейсбуктун башкы директору Марк Цукербергден исламофобиялык мүнөздөгү материалдарга тыюу салууну суранды. Бул тууралуу Пакистан өкмөтү билдирди.

Маалым болгондой, Имран Хан Твиттерге жарыялаган катында медиа айдыңында, социалдык тармактарда, айрыкча Фейсбукта исламофобиянын күчөшү дүйнө жүзүндөгү экстремизм менен зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө алып келип жатканын белгилеген.

«Мен сизди Холокостко тыюу салганыңыз сыяктуу эле исламды жек көрсөткөн Фейсбуктагы исламофобиялык маалыматтарга да тыюу салууга чакырам», — деди Хан.

Фейсбук ушул айда Холокостту четке каккан же бурмалаган мазмунга тыюу саларын жарыялаган.

Фейсбуктун өкүлү Имран Ханга «Рейтер» агенттиги аркылуу жооп берип, компания ар кандай жек көрүүгө каршы экендигин жана адамдарга расасына, этникалык же улуттук тегине, динине карап, кол салууга жол бербей тургандыгын маалымдаган.

«Биз мындай мазмунду аныктаарыбыз менен, аны жок кылабыз», — деген Facebook’тун өкүлү компанияны «алдыда көп жумуш күтүп турганын» кошумчалаган.

Жекшемби күнү Хан: «Франциянын президенти Эммануэль Макрон Мухаммед пайгамбарды мазактаган карикатуралардын көрсөтүлүшүн кубаттоо аркылуу «Исламга кол салды», — деп айыптаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM