Биз менен байланышыңыз

Нидерланды футболчуларына мамалактар күйөрман болушту

Кыска кабар , Спорт | 26 Окт 2020 | 324 | 0

Нидерланды өлкөсүнүн «ABE Lenstra» стадионунда өткөн «Херенвен» жана «Эмен» футболдук клубдарынын беттешинде «Херенвендин» футболчуларын оюнчук мамалактар сүрөдү.

Маалым болгондой, стадиондун көрүүчүлөр секторунда «Херенвен» клубунун формасын кийген 15 миң мамалак отурган. Карантин шарттарына байланыштуу стадионго күйөрман топтоо мүмкүн эмес болгондуктан, аталган клубдун башкы машыктыруучусу ушундай идея ойлоп тапкан. Натыйжада, мамалактар сүрөөнгө алган команда 4:0 эсебинде «Эмен» клубун утуп алды.

Беттеш бүткөн соң, оюнчук мамалактар клубдун расмий сайты аркылуу сатыкка коюлуп, күйөрмандар жалпы 224 миң еврого сатып алышты. «Аталган сумма рак менен ооруган бөбөктөргө жумшалат», — деп жазды «Херенвандин» расмий сайты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM