Биз менен байланышыңыз

Хабибдин акыркы эмгек акысы канча болду?

Кыска кабар , Спорт | 26 Окт 2020 | 6466 | 0

«Жастин Гэтжини жеңгени үчүн Хабиб Нурмагомедов жалпы 6 миллион доллардан ашык акча тапты», — деп жазды «The Sports Daily» басылмасы.

Маалыматка ылайык, Нурмагомедовго беттешке чыкканы үчүн бонустук акы катары 50 миң доллар, ал эми UFCнин ар кыл иш-чараларына катышканы үчүн 40 миң доллар берилген. Аталган суммага акы төлөнгөн жеке которуулар жана башка демөөрчүлүк каражаттар кирбейт.

ЖМКнын маалыматына караганда, Гэтжи беттеште 440 миң доллар тапкан. Бул расмий сумма эместиги, болжолдуу гана айтылган каражат экендиги белгиленген.

Эске салсак, UFC-254 турниринин алкагында Нурмагомедов Гетжини жеңип, UFCнин рекордун жаңыртты. Тактап айтканда, ал акыркы беттешти кошуп эсептегенде, 29 жолу октагонго чыгып, 29унда тең жеңишке жеткен. Бирок Нурмагомедов ушул беттештен кийин спорттон кетүүнү жар салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM