Биз менен байланышыңыз

25-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 326 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 25-октябрда Чүй, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир учурда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +110…+15;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11.

25-октябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…..3, күндүз +12…+14.

Copyright © 2017 Maral FM