Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов «Алай» футболдук клубуна 200 миң сом тапшырды

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 515 | 0

Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү «Алай» клубун сыйлоо аземи Ош шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов футболдук клубдун оюнчулары үчүн 200 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

«Футбол күйөрмандары үчүн жакшы маанай тартууладыңыздар. «Алай» командасы өз тарыхында Кыргызстандын Кубогун алгачкы жолу 2013-жылы утуп алган. Намыска жарап, ат салышкан бардык командаларды артка калтырып быйыл тарыхта экинчи ирет Кубокко ээ болуп олтурасыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем», — деди мэр.

«Алай» футболдук клубу Кыргызстанда футбол боюнча 4 жолу өлкө чемпиондугун, 2 жолу Супер Кубокту, 2 жолку Кыргызстандын Кубогун утту. Алдыда Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн болгон мелдештер өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM