Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата шаарында Улуттук ат оюндары өтөт

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2020 | 395 | 0

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуучу улуттук ат оюндары 2-8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган болду. Бул туралуу Көк бөрү федерациянын башкы катчысы Кубатбек Аскарбеков «Маралга» билдирди.

«Мелдешке күйөрмандар, көрүүчүлөр да келсин деген сунуш киргизип жатабыз, бирок чечимди Республикалык штаб кабыл алат. Азырынча байге фонду да карала элек», — деди Аскарбеков.

Ат оюндарынын негизги бөлүгүн көк бөрү оюну түзүп, анда командалар Президенттин кубогу үчүн күч сынашат. Бул жолку оюнда алар Жогорку лига жана Биринчи лигага бөлүндү. Учурда оюндарга катышуу үчүн Жогорку лигадан 6, Биринчи лигадан 12 команда арыз берген.

Алдын ала маалым болгондой, «Достук», «Ынтымак», «Сарөзөн», «Бакубат Талас», «Кара-Буура», “ Жаш Күч» командалары Жогорку лигада ойномой болушту.

Белгилей кетсек, 2019-жылы өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогун «Достук» командасы утуп алган.

Президенттин кубогу үчүн болгон республикалык ат оюндары жыл сайын эгемендик күнүнө карата уюштурулуп келген. Быйыл пандемиянын шарттарына байланыштуу оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM