Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко КМШнын эң сулуу, эң мыкты мушкери деп табылды

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2020 | 516 | 0

Валентина Шевченко эрежесиз уруш спорту (ММА) боюнча КМШ өлкөлөрүндөгү эң сулуу, эң мыкты мушкер деп табылды. Бул тууралуу «ТурСтат» порталы жазды.

Аталган порталдын Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү ММА спортунда жүргөн мушкер кыз-келиндердин мыктыларын аныктоо боюнча жүргүзгөн онлайн-сурамжылоосунда кыргызстандык спортчу эң көп добуш топтогон.

Мушкер аялдардын алдыңкы ондугу төмөнкүдөй аныкталды:

  1. Валентина Шевченко (Кыргызстан)
  2. Лиана Жожуа (Грузия)
  3. Анастасия Янькова (Орусия)
  4. Мария Агапова (Казакстан)
  5. Яна Куницкая (Орусия)
  6. Александра Албу (Молдова)
  7. Антонина Шевченко (Кыргызстан)
  8. Лилия Казак (Беларусия)
  9. Лилия Шакирова (Өзбекстан)
  10. Ирина Алексеева (Орусия)

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамын жеңип алган. Кийин бул чемпиондук курду удаасы менен үч ирет ийгиликтүү коргогон. Дүйнөлүк рейтинг боюнча 100 мыкты мушкердин катарына кирген.

Даярдаган: Бекбосун Маратбек уулу  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM