Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан эч качан парламенттик өлкө болгон эмес»

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 451 | 0

Кыргызстан эч качан парламенттик өлкө болгон эмес. Мындай пикирин саясий серепчи Руслан Акматбек «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик өлкөдө ачык-айкындуулук болот. Бир киши жана анын жакындары элдин тагдырын чече бербейт.

«Кыргызстан президенттик башкаруунун азабын аябай тартты. Учурда өлкөгө парламентаризм зарыл. Эл өкүлдөрү жаман көрүнүп жатып, парламентаризм да жек көрүндү болуп калды. Молдокелер жаман көрүнүп, дин жек көрүнгөндөй абал болуп жатат», — дейт Акматбек.

Ал белгилегендей, мамлекетти органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, ЖМКлар элдин эркин тандоосуна шарт түзүү үчүн бардык маалыматтарды талдап бериши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM