Биз менен байланышыңыз

Футбол: «Алай» клубу Кыргызстандын чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2020 | 303 | 0

Оштун «Алай» футболдук клубу Кыргызстандын кубогун жеңип алып, 2020-жылдын чемпиону аталды. Оюндун жүрүшүн «Kyrgyz Sport TV»  You tube каналы түз алып көрсөттү.

Кыргызстандын кубогу үчүн болгон футболдук беттештин финалдык оюну Оштун «Алай» клубу менен Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубунун ортосунда орун алды. Алгачкы бөлүктүн 36-мүнөтүндө эле «Алайдын» чабуулчусу Соломон Инкум стандарттык абалдан чыгарылып берилген топту башы менен киргизип, өзүнүн командасынын чемпион аталышына себепкер болду.

Муну менен «Алай» клубу Кыргызстандын кубогун акыркы 10 жылдын ичинде экинчи ирет утуп, Азия футбол конфедерациясы кубогунун квалификациялык стадиясына жолдомо алды.

Аталган беттеш Кант шаарында өттү. Ага чемпионатта экинчиден сегизинчиге чейинки орунду ээлеген командалар катышкан. «Алай» финалга чейинки жолдо «Каганат», «Нефтчи» командалары менен беттешкен.

Акыркы 10 жылда бул мелдеште Бишкектин «Дордой» клубу 6 жолу, Канттын «Абдыш-Ата» клубу 2 жолу чемпион аталган. Ал эми 2019-жылы Кочкор-Атанын «Нефтчи» клубу жеңген.

Даярдаган: Бекбосун Маратбек уулу 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM