Биз менен байланышыңыз

УЕФА Чемпиондор лигасынын тайпалык оюндары башталды

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2020 | 289 | 0

УЕФА Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылкы сезонунун тайпалык оюндары башталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чемпиондор лигасынын беттештери чүчү кулак кармоонун негизинде тандалып, төмөнкүдөй жети тайпага бөлүндү:

«А» тайпасы: «Бавария» (Бавария), «Атлетико Мадрид» (Испания), «Ред Булл Зальцбур» (Австрия), «Локомотив» (Орусия);

«В» тайпасы: «Реал Мадрид» (Испания), «Шахтёр» (Украина), «Интер» (Италия), «Боруссия Мендхенгладбах» (Германия);

«С» тайпасы: «Порту» (Португалия), «Манчестер Сити» (Англия), «Олимпиакос» (Греция), «Олимпик» (Франция);

«D» тайпасы: «Ливерпуль» (Англия), «Аякс» (Нидерланды), «Атланта» (Италия), «Мидтъюлланн» (Дания);

«Е» тайпасы: «Севилья» (Испания), «Челси» (Англия), «Краснодар» (Орусия), «Ренн» (Франция);

«F» тайпасы: «Зенит» (Орусия), «Боруссия» (Германия), «Лацио» (Италия), «Брюгге» (Бельгия);

«G» тайпасы: «Ювентус» (Италия), «Барселона» (Испания), «Динамо Киев» (Украина), «Ференцварош» (Венгрия);

«Н» тайпасы: «Пари Сен-Жермен» (Франция), «Манчестер Юнайтед» (Англия), «РБ Лейпциг» (Германия), «Истанбул Башакшехир» (Түркия).

Белгилей кетсек, оюндар жалпы 6 тур менен өтөт. 20-22-октябрда оюндардын I туру аяктады.

II тур — 27-28-октябрда;

III тур — 3-4-ноябрда;

IV  тур — 24-25-ноябрда;

V тур — 1-2-декабрда;

VI тур — 8-9-декабрда өтөт.

Ал эми 1/8 финалга чүчү кулак кармоо 14-декабрга белгиленди. Аталган финал үчүн болгон жооптуу беттештер 9-10-16-17-мартта болот.

19-мартта чейрек финал үчүн чүчү кулак кармалып, 6-7-апрелде алгачкы беттеши, 13-14-апрелде жооптуу беттеши өтөт.

27-28-апрелде жарым финалдын алгачкы беттеши, 4-5-майда жооптуу беттеш өтөт.

29-майда Стамбул шаарынын «Ататүрк» олимпиадалык стадионунда финалдык беттеш орун алат.

Даярдаган: Бекбосун Маратбек уулу 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM