Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гейжи менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2020 | 532 | 0

24-октябрда спорт күйөрмандары Абсолюттук мушкерлер чемпионатындагы (UFC) бүйүр кызыткан таймашка күбө болушат. Мындай пикирди UFCнын президенти Дейн Уайт билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, 24-октябрда UFC чемпиондугунун жеңил салмак категориясында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гейжи октагонго чыгат. Кармаш Лас-Вегаста же Абу-Дабиде болот, азырынча эки шаардын кайсынысында өтөрү белгилене элек.

Дейн Уайт беттешти түз алып берүүлөрдүн сатылышы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыратарына ишенет. Себеби эки мушкердин таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат.

«Бул таймаш — эң ири таймаш болгону көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртеси эле биз буга күбө болобуз», — деген Дейн Уайт.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын октябрь айында болгон Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешин түз алып берүү укугун 2 миллион 400 миң колдонуучу сатып алган. Бул рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM