Биз менен байланышыңыз

Обама Байденди колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 245 | 0

Демократиялык партиянын талапкеринин жактоочулары менен жолугушуусу добуш берүүнүн жыйынтыгы эң маанилүү болгон штаттардын бири Пенсильванияда өттү.

АКШнын экс-президенти Барак Обама президенттик жарыш учурунда биринчи жолу Демократиялык партиянын талапкери Жо Байденди колдоо митингинде сөз сүйлөдү. Үгүт иш-чарасын «Fox News» каналы түз алып көрсөттү.

Байдендин тарапкерлери менен жолугушуу Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында болуп, анда берилген добуштар алдыдагы шайлоонун жыйынтыгына эң чоң таасир тийгизери белгиленди.

«Мен Пенсильванияга келгенди жакшы көрөм. Сиздер мени эки жолу колдодуңуздар, бүгүн дагы Жо Байден менен Камала Харристин Ак үйдү «колго алуусуна» жардам беришиңиздерди суранам», — деди Обама.

2008-2012-жылдардагы президенттик шайлоодо Пенсильвания штаты Обаманы колдогон.

Бирок 2016-жылы алар Хиллари Клинтонго эмес, учурдагы президент Дональд Трампка көбүрөөк добуш беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM