Биз менен байланышыңыз

АКШ: почта бомбалары дагы беш жерден кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 730 | 0

Бул аптада Американы чууга салган почта бомбалары бул жолу мурдагы вице-президент Жо Байден, мурдагы юстиция министри Эрик Холдер, саясатчы Максин Уолтер жана белгилүү актер Роберт де Ниронун даректерине жиберилген.

Аталган жардыргыч заты бар баштыкчалар аларга почта аркылуу келип, жиберген кишинин аты-жөнү, дареги көрсөтүлгөн эмес. Америкалык коопсуздук кызматы азырынча бул ишти жасагандардын кимдиги тууралуу эч нерсе тактай элек, бирок Калифорниядан жонөтүлүүсү мүмкүн деп божомолдошууда.

Эске сала кетсек, ушундай эле баштыктар мурдагы президент Барак Обаманын үйүнө, Билл Клинтон менен жубайы Хиллари жашаган үйгө, ишкер Жорж Соростун дарегине жана CNN телеканалынын офисине келген болчу. Алардын ичинен түшүнүксүз кабелдер, химиялык пудралар жана буюмдар табылган. Почта баштыктарын алган адамдардын эч бири олуттуу жабыр тарткан эмес.

Буга байланыштуу АКШ президенти жагдайды өзү көзөмөлдөөрүн айтып, америкалыктардын коопсуздугун камсыздоо башкы вазыйпасы экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM