Биз менен байланышыңыз

Вирусолог вакцина кимге пайда алып келбей тургандыгын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 368 | 0

Вирусолог Альтшейндин айтымында, элди ооруга каршы иммунитетти өркүндөтүү жөндөмүнө жараша бөлүштүрүү оңой эмес.

«Адамдар антителолорду чыгаруу жөндөмдүүлүктөрү менен айырмаланат, бирок аларды белгилүү топторго бөлүү бир топ кыйыныраак. Бул ден соолуктун абалына эмес, адам денесинин эч ким билбеген өзгөчөлүктөрүнө жараша болот», — деди Альтшейн

Вирусолог ошондой эле улгайган адамдарда, стресстен жабыркагандарда, ооруну басаңдатуучу дары ичкендерде жана спирт ичимдиктерин такай ичкен адамдарда антитело бөлүп чыгуу өтө начар экендигин билдирди.

Буга чейин Гамалеи борборунун директору Александр Гинсбург орусиялыктарды эмдөө учурунда ичимдиктен баш тартууга чакырган. Анткени алкоголь вакцинанын потенциалына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле ал карылардын иммундук системасы вакцинага активдүү реакция бербей тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM