Биз менен байланышыңыз

Спорт агенттигинин жаңы жетекчиси кызматтык унаадан баш тартты

Кыска кабар , Спорт | 21 Окт 2020 | 5804 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев кызматтык унаа жана айдоочудан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Директордун кызматтык унаасын техникалык тейлөөгө жана айдоочусунун эмгек акысына кеткен жылдык чыгым 200 миң сомдон ашат. Агенттик бул акча мамлекеттик бюджетте каларын билдирди.

Канат Шабданбаев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугуна 19-октябрда дайындалган. Агенттикти буга чейин Канат Аманкулов жетектеген.

Канат Шабданбаев 1982-жылы 9-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.

Билими жана квалификациясы:

Жогорку юридикалык билими бар.

1999-2004-жылдары – Москва ишкердик жана укук институтунун Караколдогу филиалынын юриспруденция факультетин аяктаган.

Спорттук разряд:

-Ардагерлер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси;

-Ардагерлер арасында спорттук күрөш федерациясынын президенти;

-Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, «Кулатуу» боюнча спорт чебери;

-Грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында Кыргызстандын чемпиону;

-Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги.

Эмгек жолу:

-2006-2007-жылдары – ИИМдин ички аскердик курамында мөөнөттүү кызмат өтөгөн;

-2007-2014-жылдары — «ЕвроСтройКонтракт» ЖЧКсынын директору;

-2014-2017-жылдары — «Марат и Партнеры» компаниясында юрист;

-2017-2020-жылдары — Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору кызматтарын аркалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM