Биз менен байланышыңыз

Nike дүйнөдөгү эң кымбат кийим бренди деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 325 | 0

Nike 2020-жылы дүйнөдөгү эң кымбат кийим бренди болуп калды. Ал 34,3 миллиард долларга бааланган. Бул тууралуу «Interbrand консалтинг» агенттиги билдирди.

Агенттиктин аналитиктери белгилегендей, Nike былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл алты пайызга жогорулаган. Дүйнөдөгү эң кымбат компаниялардын жалпы рейтингинде 15-орунга көтөрүлдү.

Андан бир тепкичте Франциянын «Louis Vuitton» мода үйү (жалпы рейтингде 17-орун) турат.

Алардын артынан 21,2 миллиард долларга бааланган Chanel бренди келди. Ошондой эле алдыңкы бештикте Hermes мода үйү жана Gucci да бар.

Тизмеде Adidas 50-орунду ээлесе, Dior жана Prada 83 жана 99-орундарды ээлешти.

Nike өткөн жылдын октябрь айында дүйнөдөгү эң кымбат спорттук бренд деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM