Биз менен байланышыңыз

Вакцина дүйнөнү коронавирустан арылта алабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 326 | 0

Коронавирустук вакцинанын келиши COVID-19ду толук жок кылат деген күмөндүү маселе. Мындай пикирин Британ өкмөтүнүн башкы илимий кеңешчиси Патрик Валланс билдиргенин «Sky News» жазды.

Британ парламентинин комитетинде сүйлөп жатып, Валланс келечекте коронавируска каршы күрөш жүргүзүү сезондук сасык тумоого каршы күрөшкө окшошуп кетерин айткан.

«Менимче, бизде инфекцияны толугу менен токтото турган стерилдөөчү вакцинанын болушу күмөн», — деди Валланс.

Эксперттин айтымында, вакцина «ар кандай кеңири коомдук колдонууга» текши тарашы үчүн жок эле дегенде, 2021-жылдын жаз айларына чейин мүмкүн эмес.

«Албетте, вакцинация келгенден кийин башкаруу жөндөмү жакшырган сайын, бул жыл сайын сасык тумоого окшош боло баштайт. Оору айланып, эндемикалык мүнөздө болушу мүмкүн», — деп кошумчалады Валланс.

Copyright © 2017 Maral FM