Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 1125 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов бүгүн, 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу «Акипресс» маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

УКМК 19-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактыларына катыштыгы бар адамдар аныкталганын кабарлаган. Мекеменин маалымат кызматы тергөө органдары тарабынан Райымбек Матраимовдун жакындары жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталганын билдирген.

Учурда УКМК тарабынан бажыдагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2019-жылдын ноябрь айында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы иликтешкен.

Андагы жемкорлуктун натыйжасында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени, буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Андан кийин УКМК журналисттик иликтөөнүн негизинде Райымбек Матраимовду күбө катары суракка алган. УКМК атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды териштирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM