Биз менен байланышыңыз

Текебаев Ташиевди Садыр Жапаровдун «дос секретары» деп атады

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1051 | 1

Жакында кайра депутаттык мандатка ээ болгон Өмүрбек Текебаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жанында жүргөн саясатчы Камчыбек Ташиев тууралуу айтты. Ал аны Садыр Жапаровдун «дос секретары» деп атады.

Ал Камчыбек Ташиев досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий олимптин туу чокусуна алып чыгууга чоң салым кошконун айтты.

Ошондой эле буга чейинки президенттерди жакындары жана достору аңга түшүргөнүн эскертип, Жапаровду ошол катаны кайталабаганга чакырып, буга Ташиевдин да жоопкерчилиги чоң экенин эскертти.

«Камчыбек Кыдыршаевич достуктун үлгүсүн баарыбызга көрсөттү. Бүгүн да экөө эгиз козудай ээрчишип, бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл: «Камчыбек Ташиев кандай кызматта? Ал кандай статуста?» — деген суроо салышууда. Илгери «госсекретарь» деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын «дос секретарь» деп айтар элем. Мамлекеттик катчыга эскертүү берсең, сөгүш берсең же жумуштан алсаң болот эле. «Дос секретарды» алмаштыра албайсың. Андан кутула албайсың.  Ушул кезге чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун трагедиясынын негизги себеби — эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору, туугандары көргөндүгүндө болуп жатат. Аларды аңга, дарга ошол достору, жакындары түрткөн. Бул бүгүнкү бийликке, урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин айланаңыздагы ишенген командаңызга чоң сабак болушу керек. Ошондуктан Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Жапаровдукунан кем эмес, балким андан да жогору», — деди Текебаев.

Текебаев ошондой эле президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоолорду 60 күндүн ичинде өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында буга мыйзам жол берет.

1 пикир

1 пикир

  1. Медербек

    16.10.2020 14:57

    Текебаев элдин ичин жылыткан, Чындык коз карашын чын дилинен айттыбтыр.Бул кишини жек коргондор дун катарында болчум, Эмне деймин болот экенго ,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM