Биз менен байланышыңыз

Грин карт-2022: Кабыл алуу башталды, анкета толтуруу жолдору

Блог , Коом | 15 Окт 2020 | 5820 | 1

АКШга легалдуу иммиграциялоонун оңой жолдорунун бири «Green Card» лотореясы болуп эсептелет.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы 7 өлкө, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары үчүн АКШга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. АКШ мунун себебин Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам деген жүйө келтирип, кыргыз паспортторунун аброю жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Буга байланыштуу 2020-жылы грин-карта уткандардын айрымдары кете албай калышты.

Бирок бул тыюу салуулар 6 ай сайын каралып турары айтылган. Демек, кийинки жылы уткандар үчүн кетүү мүмкүнчүлүгү жаралышы толук мүмкүн. Ошондуктан 2022-жылга карата ойнотулуп жаткан Американын грин-картасына катышып коюу зыян тийгизбейт.

7-октябрдан тарта «Green Card-2022» лотереясына онлайн катталуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 10-ноябрга чейин уланат.

АКШ мамлекеттик департаменти жыл сайын жалпы 50 миң грин-карт ойнотот. Аны утуп алууну каалагандар 10 миллиондон ашат.

Лотореяга катышуу үчүн анкета толтурууңуз кажет. Мында англисче туура жазып жатканыңызга, дарек, үй-бүлөлүк абал, билим тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл буруңуз.

Эмнелерди билүү керек:

✅ Анкетаны расмий сайтта гана толтуруңуз: https://dvlottery.state.gov. Ушул сайттан гана, башка жактан толтурбаңыз! Башка сайттардан толтурган чакта, расмий сайттагы анкета жараксыз болуп калышы мүмкүн;

✅ Лотореяга катышуу толугу менен бекер! Сиз утмайынча анкета толтуруу үчүн да, катталуу үчүн да эч нерсе төлөбөйсүз;

✅ Башка ортомчулардан жардам алуу үчүн кайрылуунун такыр кереги жок: анкета жөнөкөй, англисчени начар билген адам деле толтура алат. Негизгиси аты-жөнүңүздүн, дарегиңиздин англисче кантип жазыларын тактап алыңыз (жалпы жарандык паспорттон колдонсоңуз болот);

✅ Анкетаны толтуруп баштагандан тартып 1 саат берилет. Эгерде 1 сааттын ичинде толтуруп бүтпөсөңүз, кайра баштоого туура келет;

✅ Сүрөттү туура тандоо да (көлөмү 600х600 пиксел, jpeg форматында) анкетаны кабыл алууда маанилүү болуп саналат.

Сүрөткө болгон талаптарга келсек:

  • JPG (JPEG) форматындагы сапаттуу сүрөт болушу шарт;
  • Сүрөт түстүү болушу керек, ак-кара түстөгүлөр жарабайт;
  • Файлдын көлөмү 240 гигабайт;
  • Сүрөттүн бийиктиги-туурасы боюнча өлчөмдөрү 600X600 пиксел;

Анкета толтурууда көпчүлүк кетирген каталар:

❌ Туура эмес сайттарда анкета толтуруу;

❌ Аты-жөнүн туура эмес көрсөтүү;

❌ «middle name» жазуусу бар бөлүктү толтурбай коюу;

❌ Сүрөттү даярдоодогу катачылык;

❌ Үй-бүлө мүчөлөрүн толук көрсөтпөө;

❌ Анкетаны эки-үч кайталап толтуруу;

❌ Үй-бүлөлүк абалын туура эмес көрсөтүү;

❌ Жашаган дарегин туура эмес жазуу;

❌ Билими тууралуу маалымат, бул жерди кылдаттык менен толтурууга аракет кылыңыз;

Баса, алгачкы күнү тапшырам дегендер көп болгондуктан расмий сайт катып, начар иштеши мүмкүн, ошондуктан бир күндөн кийин тапшырган оңоюраак болот. Бирок акыркы мөөнөткө чейин калтырбаңыз. Себеби, акыркы күндөрдө тапшыргандар алгачкы күндөгүдөн да көп болот.

❗ Дагы бир жолу кайталай кетчү жагдай, грин-карт үчүн анкета кабыл алган бир эле сайт болот. Ал https://dvlottery.state.gov cайты.

1 пикир

1 пикир

  1. Kimber02

    18.10.2020 23:48

    Аябай керектүү маалымат экен. Көпчүлүк жогоруда жазылган катачылыкты кайра кайра кайталоодо.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM