Биз менен байланышыңыз

Жапаров Нуржигит Кадырбековду Маданият министри кылып дайындады

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 5667 | 2

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта «Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду», — деп айтылат.

«Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды», — деп түшүндүргөн өкмөттүн маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков буга чейин аталган министрликте орун басарлык кызматты аркалап келген. Ал парламенттик шайлоого «Ыйман Нуру» партиясын жетектеп барган.

2 пикир

2 пикир

  1. НУРИЛА

    14.10.2020 14:59

    КҮЧТҮҮ КАДР АЗАМАТ С. ЖАПАРОВ:-*

  2. Айнагул

    14.10.2020 17:54

    Ийгилик эн туура тандаган жана татыктуу кадыр иштерине ийгилик сабыр Алла колдосун сиздерди🤲

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM