Дюшекеев Дастан премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик-жарандык кызматка жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы айтылды.