Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жаңы кадрларды дайындады (тизме)

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 17025 | 2

Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тарта баштаганын жарыялады. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында, премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду.

Буйрукка ылайык:

-Бактыбек Аманбаев (1969-жылы туулган) — Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Уланбек Ниязбеков (1975-жылы туулган) — Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;


Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын башчысы болду


— Сагынбек Абдылдаев (1969-жылы туулган) — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы;

— Аскат Эгембердиев (1968-жылы туулган) — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси;


Жапаров Нуржигит Кадырбековду маданият министри кылып дайындады


— Сабыркул Ашимбаев (1968-жылы туулган) — Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Айбек Бузурманкулов (1983-жылы туулган) — Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Дастан Дюшекеев премьер-министрдин маалымат катчысы болду


Президент депутаттарга Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуштады

2 пикир

2 пикир

  1. Кыргыз кызы

    14.10.2020 12:22

    Жапаров элдик президент! Алга, Садыр байке!

  2. Самат

    14.10.2020 20:02

    69-68-жылы туулгандар жаш эмес улууларга кирет. Кайра эле кадрлар картаңдашып баратыптыр. 50 жаштан кийин небере көрүп калгандар картаңдардын катарына кирип жакшы жумуш бербейт. 25-45 жаш курак жумуш десе жумушка тойбогон тоону томкоргон мезгил. Ушул курактагыларды иштетиш керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM