Биз менен байланышыңыз

Президент депутаттарга Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуштады

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 663 | 0

Бүгүн, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылды.

Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай кабыл алынгандыгына байланыштуу Президенттин аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

13-октябрда Сооронбай Жээнбеков «Өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитү» тууралуу токтомду Жогорку Кеңешке кайтарды.

Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент үч күндүк мөөнөт менен премьер-министрди жана өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.

Эгер президент аталган мөөнөттө премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалган болуп эсептелинет.

Мындай ченем «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.

Copyright © 2017 Maral FM