Биз менен байланышыңыз

Путиндин өкүлү Жээнбеков жана Жапаров менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 2050 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Ал жолугушууга өкмөт башчы Садыр Жапаров да катышканын президенттин расмий сайты жазды.

Маалыматка караганда, Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тарта президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Орусия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап, абалды жөнгө салуу боюнча жардамын сунуштаган.

Өкмөттүн курамы жөнүндө документтер Президенттин аппаратына келип түштү

10-октябрда мамлекеттик резиденцияда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчы кызматына Садыр Жапаровду шайлашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM