Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн курамы жөнүндө документтер Президенттин аппаратына келип түштү

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 480 | 0

«Өкмөттүн программасын бекитүү жана курамын аныктоо тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому Президенттин аппаратына келип түштү. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Документтердин пакети Президенттин аппаратына жана Өкмөттүн аппаратына 12-октябрда келип түшкөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон вице-спикер Мирлан Бакиров «Өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча» токтомго кол койгон.

10-октябрда мамлекеттик резиденцияда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Андан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева кезексиз жыйынга депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын айтып чыккан.

Сессияга Конституцияга ылайык жетиштүү санда депутат чогулбаса, кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз болорун Касымалиева билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM