«Өкмөттүн программасын бекитүү жана курамын аныктоо тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому Президенттин аппаратына келип түштү. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.
Документтердин пакети Президенттин аппаратына жана Өкмөттүн аппаратына 12-октябрда келип түшкөн.
Буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон вице-спикер Мирлан Бакиров «Өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча» токтомго кол койгон.
10-октябрда мамлекеттик резиденцияда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Андан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева кезексиз жыйынга депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын айтып чыккан.
Сессияга Конституцияга ылайык жетиштүү санда депутат чогулбаса, кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз болорун Касымалиева билдирген.