Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Навальныйды ууландырганга санкция киргизиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 375 | 0

Евробиримдик орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйды ууландырган окуяга катышы бар делген Орусиянын жарандарына санкция киргизүү маселесин талкуулайт.

Бүгүн, 12-октябрда Биримдикке кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери Брюсселде өтө турган жыйында санкция салынуучу жарандардын тизмесин карап чыгары айтылууда.

Санкция маселесин Франция жана Германия көтөргөн, аларды Британия, Нидерланды, Дания жана Эстония мамлекеттери колдоого даяр экендигин билдиришкен.

Франциялык «Le Monde» гезити өздүк булагына таянып, «Навальный тизмесине» президент Путиндин админстрациясындагы орусиялык чиновниктер жана күч түзүмдөрүнөн турган 9 жаран киргенин жазды.

Белгилей кетсек, Алексей Навальный 20-августта Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM