Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Таласта түнкүсүн +0…-5, күндүз +9…+14;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.