Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Алардын экөө — Ош облусунан, бирөө — Бишкек шаарынан.
Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1069га жетти.
7-октябрга карата COVID-19 илдетинин 298 жаңы учуру катталды:
- Бишкек шаары — 57;
- Ош шаары — 20;
- Чүй облусу – 10;
- Ош облусу — 61;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу – 5;
- Жалал-Абад облусу – 47;
- Баткен облусу — 89;
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 48 миң 97ге жетти.
Ооруканаларда 1325 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1450 бейтап бар.