Биз менен байланышыңыз

Сардоба: Айыпталуучулардын саны 17ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 263 | 0

Өзбекстандын жемкордукка каршы агенттиги Сардоба дамбасынын жарылышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча дагы 8 адамды айыптуу деп тапты. Буга чейин 9 адам күнөөлүү деп табылып, соттолгон болчу. Муну менен жалпы айыпталып жаткандардын саны 17ге жетти.

— Иликтөөнү жогорку квалификациялуу адистерден турган атайын комиссия жүргүзүүдө. Күнөөлүүлөр толук аныкталган соң, жоготууларды кайтарып берүү аракеттери көрүлөт, — деди агенттиктин маалымат кызматы.

Эске салсак, ушул жылдын 1-майында Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычы жарылып, аймактагы айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 70 миңдей тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн. Суу ташкын чектеш Казакстандын Түркстан аймагындагы 10 айылды кошо жабыркаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM