Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Өкмөтү элди тынчтыкты сактоого чакырды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 375 | 0

Кыргыз өкмөтү өзгөчө режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

Өкмөт саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат.

«Элибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек», — деп айтылат маалыматта.

Президент кайрылуу жасады (видео)

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия аз добуш алышты. Алар бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясын башташкан. Ал түнү менен уланып, 6-октябрда таңда чогулгандар Ак үйдү басып алышты.

Мындай жагдайдан улам өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүп жатканы кабарланды. Учурда өлкөдө абал кооптуу болуп турат.

Ал ортодо Ош шаарында азыркы президенттин тарапташтары митингге чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM