Биз менен байланышыңыз

Президент кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 6092 | 4

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасап, бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырды.

Төмөндө мамлекет башчынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты.

Шайлоону шылтоо кылып, коомдук тартипти одоно бузушту.

Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты.

Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты.

Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбоого буйрук бердим.

Азыркы учурга чейин кырдаалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык.

Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү — ар кандай депутаттык мандаттан бийик.

Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым.

Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм.

Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай, мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам.

Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу — баарынан кымбат.

Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам».

4 пикир

4 пикир

  1. Bayish

    06.10.2020 11:09

    Bul president ardayim ele kech kalip sudurolup ele juroberet ekenda. Eldi uyat kilbay ketip ele kalsa jakshi bolmok. Bugun erten kamash kerek bolboso jaman bolotko. Kayaktan adaship kelip kalgan. Jani President kelmeyinche Kyrgyzstan onboyt osboy kaldi. Shariman sharipov ketsin…

  2. Токур

    06.10.2020 11:17

    Урматтуу президент шайлоо журуп жаткан убакта, мыйзам бузууларга жол бердиниз, элге ачык акча таратып сатып алып, урнодо карап тургандарга кескин чара корулбоду органдын адамдары да сатылган же коркот. Чара корулгондо мындайга жетмек эмес.

  3. Токур

    06.10.2020 11:19

    Эмне учун алдын ала коро билген жоксуз? Туура эмес кабар берген органды жок кылуу керек, канча зыянга учурады мамлекет.

  4. Гулмира

    06.10.2020 11:56

    Эл чогулганда эмнеге барбадыныз улуу урматту призидент, митинг ти токтотсонуз болмок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM