Биз менен байланышыңыз

Жеке булак: Айрым саясатчылар кызмат орундарын бөлүштүрүү аракетин кылууда

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 5904 | 0

Ак үй басылып алынган соң бир катар саясатчылар кызмат бөлүштүрүүгө киришти. Бул тууралуу «Маралга» өздүк булактардан кабарлады. Алар Өмүрбек Текебаев, Жеңиш Молдокматов, Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев экендиги айтылат.

— Төртөө биригип, премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду коёбуз деп жатышат. Башка да кызматтарга адамдарын коюп жатышат, — деди. Бирок нааразычылык акциясын уюштурган партиялар бул тууралуу расмий билдирүү жарыялай элек.

Буга чейин айрым ЖМКлар Жазаларды аткаруу кызматына Мелис Турганбаев, Башкы прокуратурага Алмамбет Шыкмаматов, УКМКга Өмүрбек Суваналиев убактылуу жетекчи болуп дайындалганын, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов болгонун жазып чыгышкан.

Маалыматты тактоо үчүн жогоруда аты аталган саясатчыларга байланышууга мүмкүн болбой жатат. Эгер бул боюнча айтууну каалашса, пикирин чагылдырып берүүгө редакциябыз даяр.

Жанар Акаевге митингде бутуна ок тийди

Copyright © 2017 Maral FM