Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 9 медик коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 270 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек шаары боюнча – 2, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 4 учур.

Ал эми бир суткада үй карантининен 4 медкызматкер айыгып чыгарылган.

COVID-19 вирусу 3336 медициналык кызматкерге жуккан, анын ичинен 3063 медкызматкер айыгып чыкты.

6-октябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 47 миң 799га жетти, каза болгондор 1066, айыккандар 43 миң 644 бейтап.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM