Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек шаары боюнча – 2, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 4 учур.
Ал эми бир суткада үй карантининен 4 медкызматкер айыгып чыгарылган.
COVID-19 вирусу 3336 медициналык кызматкерге жуккан, анын ичинен 3063 медкызматкер айыгып чыкты.
6-октябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 47 миң 799га жетти, каза болгондор 1066, айыккандар 43 миң 644 бейтап.