Биз менен байланышыңыз

Мектеп окуучулары кайрадан дистанттык окууга өтүштү

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1647 | 0

Кыргыстанда мектеп окуучулары кайрадан дистанттык түрдө окууга өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Учурда тиешелүү буйрук даярдалып жатканы айтылды. Окууну жандандыруу маселеси өлкөдөгү кырдаал турукташкандан кийин каралат.

5-октябрда 1-класстын окуучулары мектепке барышкан жок. Ал күнү бардык мектептерде дезинфекциялоо иштери жүрдү.

Маалым болгондой, көпчүлүк шайлоо участоктору мектеп имараттарында жайгашкан.

6-октябрдан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар мектепке барып окуй баштайт деп кабарланган. Ал үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM